• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Масалиев “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери болду

8 Бугу 202414:52 Бишкек Govori.TV

Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери кызматын тапшырып, ордуна Исхак Масалиев лидер болуп шайланды. Бул тууралуу сөз болуп жаткан фракциянын мүчөсү, депутат Гуля Кожокулова парламенттин 8-майдагы жыйынында айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелде сот чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан.

Жети айдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан.

Количество просмотров: 179