17-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде интернетте жалган жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн айып салуу боюнча мыйзам долбоору каралды. Жыйында Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков долбоор тууралуу маалымат берди.
Ал белгилегендей “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” ушул мыйзам долбоору жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана укуктук системанын алкагында адилеттүүлүктү камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Акыркы маалыматтарга караганда, ар кандай маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу таратылып жаткан мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйүүдө. Бул коомдук адеп-ахлакка жана жеке адамдардын ортосундагы мамилелерге коркунуч жаратат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-платформаларда мазактоо учурларына жетиштүү деңгээлде натыйжалуу жооп бербейт. Көпчүлүк учурлар күнөөнү далилдөөнүн татаалдыгынан жана юридикалык ченемдердин көп маанилүүлүгүнөн улам жазасыз калууда. Ошол себептүү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган мазактоо, башкача айтканда башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз формада атайын кемсинтүү, – жеке жактарга – 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Талкууда депутат Исхак Масалиев интернет колдонуучулар жеке пикир айтууга укуктуу экендигин белгилеп, мыйзам долбоорун аткаруу жараяндарына кызыкты. “Жалаа жабуу жана кадыр баркка шек келтирүү боюнча маданият министрлиги кантип айып салат, бул укук коргоо органдарында болушу кажет”,- деди депутат.