• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Исхак Масалиев вице-премьер Исмаилованы сынга алды

30 Чын куран 202016:57 Бишкек Govori.TV

Депутат Исхак Масалиев бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында вице-премьер-министр Аида Исмаилованы сындады.

Буга чейин депутаттар атайын ачылган эсептерге канча сом түшкөнү, анын ичинен канча каражат сарпталганы тууралуу суроо беришкен. А.Исмаилова бардык маалыматтар Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтында жарыяланганын билдирген.

«Жанагыдай мага жакпады, сайтта илинип турат, маалымат алгыла деген. Бул эмне деген сөз?», — деди депутат.

Исмаилова: «Сайтта дагы илинип турат, биз дагы маалымат берип жатабыз», — деди.

«Кое туруңуз, аткаруу бийликти түзгөн Жогорку Кеңеш болот. Мындай жооп бергениңиз аябай жакшы эмес. Сайтта илинип турат, тапкыла керек болсо… Бизге так маалымат бергиле. Канча сом түштү, канча тыйын кайсы жакка кеткенин толук жазып бергиле», — деди депутат.

Анын айтымында, март жана апрель айларында Бажы жана Салык кызматы 13,5 млрд сом чогулткан. Ал медицина тармагына бир аз каражат бөлүнүп, башкаларга бир да сом төлөнө элек экенин кошумчалады.

«Кесиптештеримдин арасында шайлоого 6 ай калганда өкмөттү кетиргенге укугубуз жок экенин айтып жатышат. Президенттик шайлоого 6 ай калса, анда укугубуз жок. Азыр өкмөттү кетиргенге толук укугубуз бар. Мен сунуштайм…», — деп сөзүн жыйынтыктай электе депутатка бөлүнгөн убакыт бүтүп, микрофон өчүрүлдү.

Количество просмотров: 62