Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.
Тышкы иштер министрлигинин коомдук кеңешинин жыйыны өтүп, анда бир добуштан Ишенгүл Болжурова кеңештин төрайымы болуп шайланды. Ал эми, мурдагы Юстиция министри Уран Ахмедов болсо жооптуу катчы болду. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаментинен кабарлашты. Жыйында кеңештин уюуштуруу иштери жана мындан аркы эффективдүү иш алып баруу маселелери талкууланды.