• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ишкерди уурдап, андан авто жана 25 миң $ талап кылган эргулдар кармалды

14 Тогуздун айы 202417:10 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине, Бишкек шаарында ишкерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч менен автомашинага салып, Бишкек шаарынын сыртындагы ээн талаага алып чыгып кетишкендиги жөнүндө белгилүү болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү менен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери бизнесменди уурдагандардын изине түшүп, Бишкек шаарынын борборундагы көчөлөрдүн биринин кесилишинде 1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандарды кармашкан.

Кийинчерээк аныкталгандай, алар жабырлануучуну шаардын четине алып барып, сабап, 25 000 АКШ долларын жана автомашинасын берүүгө макулдук алып, ишкердин башка унаасын алып кетүүгө жөнөшкөн.

Кармалган Т.Ж. аттуу жаран Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандар кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Количество просмотров: 346