31-мартта Панфилов паркында иштеп жаткан аттракциондон 19 жаштагы кыз кулаган. Бишкек шаарынын мэриясы окуя боюнча маалымат берип, аттракциондун эки коопсуздук куру үзүлүп кеткенин билдирди.
Мэрия бул окуяга тынчсыздануусун билдирип, шаардыктардын, өзгөчө балдардын коопсуздугу шаардык мэриянын артыкчылыктуу милдети экенин баса белгиледи. Муниципалитет укук коргоо органдары жана башка жооптуу органдар менен кызматташып, окуянын бардык жагдайларын тактап, зарыл чараларды көрөт.
Окуя болгон жерге Мамэкотехинспекциянын, РИИБдин жана Биринчи Май райондук акимчилигинин өкүлдөрү барып, керектүү текшерүүлөрдү жүргүзүп, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн барышкан.