• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Искендер Матраимов Дубайдан Кыргызстанга келе жатат

26 Жалган куран 2024 22:19 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Искендер Матраимов Дубайдан Кыргызстанга келе жатат. Бул тууралуу фейсбук социалдык тармагына Мирланбек Исмаилов аттуу жаран жарыялап, анын бул билдирүүсүн Искендер Матраимов өзү да бөлүшкөн.

«Искендер Матраимов азыр Дубайдан Кыргызстанга учуп жатат. Эч кандай кармалган жок! Туура эмес маалыматтарга ишенбегиле»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Искендер Матраимовдун бир тууганы, эл аралык издөөдө жүргөн, бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Азербайжандын баш калаасы Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилгени маалымдалган. Айрым маалымат каражаттары аны менен кошо иниси Тилек Матраимов жана дагы эки бир тууганы УКМКга алынып келингенин жазышкан.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимов Баку шаарында экени аныкталганын билдирген.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.

Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Матраимовдун айланасындагы талкуулардан соң агасы Искендер Матраимов ЖК депутатынын мандатын тапшырып берген.

Количество просмотров: 156