Бишкек. 1. 03. 2018. Govori.TV
“Ош» аба майданын башка жерге көчүрүү керек. Жаңы аба майданды Эл аралык ХАБ кылып салууга кызыкдар инвесторлор да бар”. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында депутат Искендер Матраимов айтты.
Анын айтымында, учурда Ош аэропорту Өзбекстандын чек арасынан болгону, 1,5 километр алысттыкта туруп, учуп-конгондо Өзбекстандын асманы үчүн акча төлөп келет.
“Мен баардык керектүү документтерин даярдап, айыл өкмөттөрдү чечимин чыгартып, Карасуудан 500 гектар таштак жерди аба майдан, ХАБ курууга кармап турам. Бирок, аба майдандын жетекчилиги бул ишти жылдырбай чоюп келет. Жада калса кызыгып, ХАБ куралы деген инвесторлор да келип жатат. Биздин жетекчилер бул ишти алдыга жылдырбай жатышат. Азыр Ферганада бери дегенде 15 миллион калк бар, дүйнөнү чар тарабына каттаган эл аралык ХАБ ачсак керек болсо, “Манас” аба майданынан он эсе көп жүргүнчүлөр туш тарапка каттап, мамлекетке миллиарддаган сом салык түшмөк. Бул өзүн-өзү актоочу долбоор эле”,-дейт эл өкүлү.
Эске сала кетсек, “Ош” аба майданы болгону 142 гектар жер аянтып ээлеп, реконструкцияга муктаж абалда иштеп келет.