• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Исмаил Исаков: Конституцияда жети жакшынакай сөз жазылган, бирок жоопкерчилик жок…

19 Бирдин айы 2021 14:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, Кыргыз Республикасынын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жаңы Конституцияда жоопкерчилик тууралуу сөз жокко эсе болуп калганын айтат.

«Биз убактылуу өкмөттун мүчөлөрү ошол учурда (2010-жылы) Конституциянын жаңы долбоорун карап жатканда мен айттым эле Президенттик башкаруу системасын орнотолук деп. Бирок көпчүлүгү башканы баалагандыктан бул колдоо тапкан эмес. Андан кийин президентибиз Садыр Жапаров мына ушундай башкаруу системасы болот дегенде мен сүйүнүп, кол-коштоп барып добушумду бергем. Азыр жаңы долбоорду окуп алып үстүмөн ылдый жаман нерсе чачкандай эле болдум», — дейт Исаков.

Ал кошумчалагандай, Конституциянын максаты, алдыга койгон маселелери жок.

«Жаңы Конституцияда бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук сакталбай калган. Президентке эбегейсиз чоң бийликти беришиптир. Бул жанагы падыша, император, хандан да өтүкөн да. Жоопкерчилик деген жокко эсе. Мен карап көрсөм, 7 жакшынакай сөз жазылган. Алар: дайындайт, түзөт, сүйлөйт, ыйгарат, жарыялайт, бошотот, сунуштайт… болду. А жоопкерчилик кана? жок да, мына ушу сөздөр кечке кайталанат да. Ошонун негизинде туруктуулук боюнча айтсак бул принциби да жок. Себеби кандай учур болуп кетсе да өлкө президентсиз калбоосу керек. Кандай жандай болуп кетсе да анын милдетин аткара турчу бир адам болуусу керек. Ал да жок. Эгер бир нерсе болуп кетип эл президентти кууп ийсе, ордуна эч ким жок. Биз кайра 500-600 миллион каражат коротуп, шайлоо өткөрөбүз. Андан башка бул жерде жоопкерчилиги жок беспределге ала турган Конституциялык норма жазылган», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, эски Конституцияда мыйзамдын алкагынан чыга албай турганы, эгерде чыгып кетсе жазага тартылат деп так жазылганын, бирок азыркыда бул норма жок экенин айтат.

Количество просмотров: 235