• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Исмаилова: Бийлик иштегенди бейөкмөт уюмдардан үйрөнсүн, келип чоогу иштесин

28 Бештин айы 202311:51 Бишкек Govori.TV

Биздин өкмөт иштегенди бейөкмөт уюмдардан үйрөнсүн, келип чоогу иштесин. Мындай пикирин «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укуктук кыймылынын жетекчиси, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова билдирди.

Ал белгилегендей, өлкөдө түрдүү тармакта иштеген бейөкмөт уюмдар бар, жана алардын ар биринин өз фокус группасы мындайча айтканда багыты бар.

«Бул азыр эле башталган талаш-талкуу эмес, бул башынан бери эле жатат. Грантка долбоор жазсаң ал жерде сөзсүз түрдө миссияң болушу жана ал так жазылышы керек. Мамлекеттик эмес уюм өз маселесин чечпейт, ал коомдук, социадык экономикалык, жакырчылык жана жапа чеккен фокус группа бар», — деди Исмаилова.

Ал кошумчалагандай, баардык бейөкмөт уюмдар алган каражаттары боюнча отчет берет жана аймактардагы толгон көйгөйлөрдү чечүүдө багытуу иш алып барат. Себеби, айылдарда бийлик чечүүгө жетишпей келген көйгөйлөр өтө көп.

Ал эми «Жаш саясатчылар мектеби» долбоорунун координатору Данияр Сүйүндүк уулунун айтымында, бейөкмөт уюмдары жөнүндөгү мыйзам коммерциялык эмес жаштар уюмдарынын ишине эмес, жалпы жаштарга таасирин тийгизет.

«Өкмөт, Жогорку Кеңеш, бийлик өкүлдөрү толугу менен элетте, шаарда жашаган жаштарга жардам берүүгө, аларды багыттоого күчү жетпейт. Бейөкмөт уюмдар азыркы тапта, мына биз камчыга сап боло турган уюмдарбыз. Биз ошо өкмөттүн ишин улай иш алып барып жатабыз. Мисалы «Жаш саясатчы мектеби» БШК менен биргеликте жаштардын шайлоо катышуусун жогорулатуу багытында иш алып барып жатат. Эгерде биз ушундай иштерди жасап жатсак, анда эмне үчүн өкмөткө тоскоолдук жаратабыз. Бул мыйзам толугу менен биздин укугубузду тебелеп жатат. Жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн тебелеп жатат», — деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин жаштар уюмдарынын өкүлдөрү билдирүү таратып, алар ар кайсы багытта иш алып барышарын, көптөгөн бейөкмөт уюмдар сыяктуу эле мамлекеттик органдар менен да иштешип, долбоорлорду ишке ашырууга жардам бере турушкандыктарын, жаштар уюмунун долбоорлору мамлекеттик долбоорлордон түзүлөрүн белгилешкен эле.

Эске салсак, 25-октябрда Жогорку Кеңеш Надира Нарматова жана депутаттар тобу тарабынан демилгеленген “Бейөкмөт уюмдары жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Бул мыйзам долбоору коомчулукта катуу сынга алынып, кайчы кептерди жараткан.

Активисттер, укук коргоочулар бул мыйзам кабыл алынса, эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп белгилеп келишет.

Президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда сүйлөп жатат бейөкмөт мыйзамы тууралуу пикирин билдирип, өлкөдө катталган бейөкмөт уюмдар түшкөн каражаты тууралуу отчёт тапшырбай, социалдык төлөмдөрү тууралуу милдеттемелерин аткарбай келгенин айткан болчу.

Теги:
Количество просмотров: 121