«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укуктук кыймылынын жетекчиси, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова соңку убакта сырттан каржыланган уюмдарга карата бир беткей каралоо болуп жатканын айтат. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.
Укук коргоочу Курултайдагы билдирүүдөн улам ал президентке бейөкмөт уюмдар тууралуу бурмаланган маалыматтар берилген болушу мүмкүн деп эсептейт.
«Президент тез аранын ичинде чечүү процесстерине катышкан сот тармагы, Адилет министрлиги, Акыйкатчы институту баш болуп, биз менен диалогго келсе жакшы болмок. Маселен, өлкөнүн жана коомдун түзүлүшү үч негизги багыттан турса, анын бири бизбиз. Бир адамдын чечими башка секторлорго чоң кедергисин тийгизет. Көз карандысыз тармактардын өкүлдөрү менен биринчи баарлашуу керек эле. Биз эгемендик келгенден бери жарандык коомго кирип, «Интербилим», «Укук», «Форум» көз карандысыз уюмдары коалиция болуп түзүлгөн. Биз шайлоолорду таза өткөрүүгө аракет кылып жүрүп, азыркы мыкты жыйынтыктарга жеттик. Биз ошол эле аялдардын, балдардын, аялуу катмардагы жарандардын укугу үчүн күрөшүп келебиз», — дейт ал.
Эске салсак, экинчи Элдик курултайда президент Садыр Жапаров бейөкмөт мыйзамы тууралуу пикирин билдирип, өлкөдө катталган бейөкмөт уюмдар түшкөн каражаты тууралуу отчёт тапшырбай, социалдык төлөмдөрү тууралуу милдеттемелерин аткарбай келгенин белгилеген болчу.
Эске салсак, 25-октябрда Жогорку Кеңеш Надира Нарматова жана депутаттар тобу тарабынан демилгеленген “Бейөкмөт уюмдары жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Бул мыйзам долбоору коомчулукта катуу сынга алынып, кайчы кептерди жараткан.
Активисттер, укук коргоочулар бул мыйзам кабыл алынса, эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп белгилеп келишет.