• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Исмаиловдун ордуна Чынберди Төлөнов депутат болду

21 Жетинин айы 202320:40 Бишкек Govori.TV

Диплом маселесинен улам мандатынан ажыраган Жогорку Кеңеш депутаты Фархат Исмаиловдун ордуна Чынберди Төлөнов депутат болду. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Төлөновго депутаттык күбөлүк жана төш белги бүгүн тапшырылган.

Кошумчалангандай, бош калган мандат «Ата-Журт Кыргызстан» тизмесинде катталган кийинки талапкерге өткөрүлүп берилген.

Исмаиловдун мандат маселесине чекит коюлганын Жогорку Сот 30-октябрда маалымдаган.

Теги:
Количество просмотров: 143