• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Исманкуловдун клиникасына төктүрүлгөн кумду кайра тазалап жатышат (видео)

14 Жалган куран 2022 19:03 Бишкек Govori.TV

№6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борборунун алдына төгүлгөн кум кайра тазаланып жатат.

Имаратты кайтарган күзөтчүнүн айтымында, кум бүгүн, 14-мартта түштөн кийин төгүлгөн.

«Эрте чыгып кетишсин деген өңүттө төгүлсө керек. Клиника кадимки тартипте иштеп жатат»,-деди күзөтчүлөрдүн бири.

Ал эми Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканыбызда кум клиникада оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгынан улам төгүлгөнүн айткан эле.

Эске салсак, 10-мартта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгер Алмазбек Исманкулов жетектеген Көздүн микрохирургиялык ооруканасына барып, үч сааттын ичинде бошотуп, чыгып кетүүлөрүн талап кылган. Министр Бейшеналиевдин айтуусунда Алмаз Исманкулов өткөн жылы Бишкек мэриясы аркылуу имаратты ижарага алуу мөөнөтүн узартып алган. Бирок ал келишим жокко чыгарылган.

Дарыгер Алмаз Исманкуловдун ооруканасынын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Количество просмотров: 7085