Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү №6 көп тармактуу оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан “Алмазбек Исманкуловдун Көздүн микрохирургиясына” мөөр басышты. Бул тууралуу Govori TVга клиниканын администрациясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган клиниканын кире беришиндеги темир тосмосуна мөөр басылган.
«Медициналык борбор бейтаптарды кабыл алып, кадимки тартипте иштеп жатат»,-деп билдиришти клиникадан.
Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-мартта Алмазбек Исманкуловдун медициналык борбору жайгашкан имаратка барган. Анда министрдин Исманкулов менен телефондон сүйлөшүп, имаратты үч сааттын ичинде бошотуп беришин талап кылган. Деген менен клиника бүгүнкү күнгө чейин иш алып барууда.