Футбол боюнча Евро-2024 чемпионатынын 1/2 финалында Испания Францияны жеңди. Оюн 2:1 эсебинде аяктап, испаниялыктар финалга чыкты.
Эске салсак, быйылкы мелдеште Испаниянын курама командасы Хорватины (3:0), Италияны (1:0), Албанияны (1:0) уткан. 1/8 финалда болсо Грузияны (4:1), 1/4 финалда Германияны 2:1 (1:0 к.у.) эсебинде артка калтырган.
Испаниялыктар Европа чемпионатынын жарым финалына муну менен 6-ирет чыгып жатат. Испания 1964, 2008 жана 2012-жылы Европанын чемпиондугун уткан. 1984-жылы күмүш медалга татыган.
Белгилей кетсек, Европа чемпионаты 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтөт.