Испанияда селдин айынан, соңку маалымат боюнча, өлкөнүн түштүгүндөгү Валенсия аймагында кеминде 62 адамдын өмүрү кыйылды. Шейшемби күнү бул аймакта нөшөр жаан жаап, катуу шамал болгон.
Социалдык түйүндөрдө тараган видеолордон суу каптаган жерлерде адамдар агып кетпеш үчүн бакка чыгып, өрт өчүрүүчүлөр сууга чөккөн машина ичинде калгандарды чыгарып жатканын көрүүгө болот.
Аймактын башчысы Карлос Масон пресс-конференцияда маалымат берип, абал оорлогон кээ бир жерлерге куткаруучулардын жетиши мүмкүн болбой жатканын айтты.
Куткаруу, тазалоо иштерине аскерлер да тартылууда. Айрым райондордо мектептер жана башка мекемелер убактылуу жабылды. Мадрид менен Барселона ортосундагы темир жол каттамы да токтоп турат.
Булак: Азаттык.