• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Испаниядан келген жигиттин апасы коронавирустан каза болдубу? — Комендант жооп берди

12 Чын куран 2020 14:45 Бишкек Govori.TV

Кара-Сууда жогорку окуу жайдын коронавируска шектелген кызматкеринин апасы каза болду.  Бул туурасында Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча коменданты Малик Нурдинов маалымат жыйында билдирди.

Комендант Нурдиновдун айтымында, ал жогорку окуу жайлардын биринде жетекчилик кызматта иштегендиктен, Испанияга окууга барып, 1-мартта келген.

“Учурда барып-келгенин жашырганбы, жокпу, иликтөө жүрүп жатат. Ал эми апасы каза болгону анык. Куран окутууга 120дай киши барган. Алардын баары анализ тапшырды. Тегерек четиндеги көчөлөр дезинфекциядан өттү. Тергөө иштерин улантып жатабыз, эгер ооруну жашырганы аныкталса, жоопкерчилиги каралат. Ал жигит азыр обсервацияда жатат”, — деди Нурдинов. 

Ошондой эле комендант учурда аэропорттон качан келгени, жумушка качан барганы туурасында документтер алынып жатканын кошумчалады.


Белгилей кетсек, WhatsApp мессенджери аркылуу “Кара-Суу районунун Жар-Ооз айылында бир жигит Испаниядан келгенин жашырып койгон. Анда коронавирус болгондуктан апасына жугуп каза тааптыр” деген аудио  тараган.

Количество просмотров: 4140