• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ит капкан тогуз жаштагы бала каза болду

5 Теке 20199:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

Өзбекстандын Самарканд облусундагы Равонак айылында бир ай мурда ит каап алган тогуз жаштагы бала каза болду.

Айыл тургундарынын айтымында, алгач ата-энеси баланын жараатына көңүл бурушкан эмес.

«22-июнда баланын дене табы жогорулап, кутурма белгилери менен облустук инфекциялык ооруканага жеткирилген. 3-июлда каза болуп калды», ؅— деди айыл жашоочусу.

Инфекциялык ооруканадан билдиришкендей, каза тапкан баланын анализдери Ташкенттеги илимий-изилдөө борборуна жөнөтүлдү. «Анализдин жыйынтыктары бир жумадан кийин белгилүү болот. Ага чейин эч нерсе айта албайбыз», — деди оорукана дарыгери.

Баланын өлүмүнөн кийин райондо кутурмага каршы үй жаныбарларын, анын ичинде иттер менен мышыктарды жапырт эмдөө иштери башталды.

Количество просмотров: 15