Италия курама командасы Англияны пенальти менен утуп футболдон Европа чемпиону болду. Чемпионаттын финалы 11-июлда Лондондогу «Уэмбли» стадионунда өттү.
Таймаштын негизги жана кошумча убактысы 1:1 эсебинде аяктады. Пенальти сериясында италиялыктар 3:2 эсебинде утуп алышты. Оюнду нидерланддык арбитрлер командасы тейледи.
Италия дүйнөнүн төрт, Европанын бир жолку — 1968-жылдагы чемпиону. 2000 жана 2012-жылы финалга чыгып, экөөндө тең жеңилип калган.
Европа чемпионаты төрт жылда бир болот. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы өтпөй, быйылкыга жылдырылган.
Бул ирет Европадагы 24 команда континенттин 11 шаарында алты тайпага бөлүнүп күч сынашты.