• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

IV чейректи окуучулар дистанттык түрдө кантип окуйт? Министрлик түшүндүрөт

30 Жалган куран 2020 12:40 Бишкек Govori.TV

Мектеп окуучуларына төртүнчү чейректе дистанттык түрдө билим берүү үчүн окуу программасы электрондоштурулуп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ведомство окуучуларга окуу материалдарын үч булак аркылуу жеткирүүнү пландап жатат. Алар:

ЭлТР, «Баластан» (1-4-класстар үчүн) каналдары;

Министрликтин жаңы түзүлүп жаткан порталы;

«Мега 24» тиркемеси.

«Төртүнчү чейректин программасы толугу менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Тагыраагы, телепрограммалар тартылып жана интернет порталга көчүрүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул үчөөнө тең программалар жүктөлүп, окуучулар кайсынысы жеткиликтүү болсо ошону колдонуп билим алса болот. Мисалы, интернетти кенен-кесири колдонууга мүмкүнчүлүк болбогон алыскы аймактардагы окуучулар теле аркылуу сабак алышат.

Количество просмотров: 358