• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Июнь окуясы боюнча мурдагы 3 аткаминерге айып коюлду

20 Бугу 2022 14:01 Бишкек Govori.TV

Июнь окуясы боюнча мурдагы үч аткаминерге айып тагылды. Бул тууралуу Кеңешбек Дүйшөбаев билдиргенин «Азаттык» жазды.

Маалыматтарга караганда, тергөө тобу УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясатчы Бектур Асановдун баш коргоо чарасы аныкталып, аларга өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

“Кылмыш-жаза кодекси 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айып коюлду. Бул буюртма иш. Биз азыр оппозицияда жүргөндүктөн басым кылып жатышат. Иште эч кандай далилдер жок экен. Мындан ары тергөө, сот адилет болушу керек”, — деп билдирген Дүйшөбаев.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2021-жылдын апрелинде июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырган. Иштин алкагында президент Садыр Жапаров, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев да Башкы прокуратурага сурак берген. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да суракка чакырылышкан.

Количество просмотров: 448