УКМК кызматкерлери тарабынан мурдагы Өнөр жай, энергетика жана жер байлыгын пайдалануу министри Дүйшөнбек Зилалиев кармалгандыгын 24.kg агенттиги күч түзүмдөрүндөгү өз булагына таянып жазып чыкты.
Зилалиев 12-сентябрда кармалган. Ал эми бир жума мурда Энергетика министрлигине караштуу Геология жана жер байлыгын пайдалануу мамагенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков да кармалган дейт аталган агенттик.
Алар 2017-жылы жасалган коррупциялык иштерге шектелип жаткандыгы айтылууда. Анткени бул эки мурдагы аткаминер жер байлыктары жаатында иштеп, жер байлыгын иштетүү үчүн бериле турган лицензияларды берүүдө пара алууга тиешелери болгондугу болжонууда. Сатыбеков 4-ноябрга чейин СИЗОго камалган.
Эске салсак, 2018-жылы УКМК мурдагы вице-премьер министр Д. Зилалиевдин үйлөрүн, банк эсептериндеги миллиондорун таап чыккандыгы да белгилүү, Зилалиев бул иштерди саясий шоу деп атап, коюлган айыптарды мойнуна алган эмес.
Ошондон кийин ал тогуз жылга эркиндигинен ажыраган. Бирок 2021-жылы Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген.