• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

«Камактагы Дүйшөбаев менен Асановдун абалы начарлаган». Июнь окуясы боюнча сот жылды

22 Бештин айы 2022 14:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Июнь окуясы боюнча иш каралып, кийинки отурум 29-декабарь саат 14:00гө белгиленди.

Июнь окуясы боюнча кылмыш ишинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган.

Азыркы тапта башка кылмыш иши менен камакта отурган Дүйшөбаев жана Асанов ачкачылык жарыялап, абалы начарлагандыктан отурумга келишкен жок. Алар сотко расмий кат жолдошкон.

Процесске айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын жактоочулары да катышкан жок. Буга байланыштуу жараян кийинкиге жылды.

8-декабрда өткөн отурумда коомдук ишмер Эмил Каптагаев күбө катары көрсөтмө берген. Башка айыпталуучулар Атамбаевдин сотко алып келинишин талап кылышкан болчу. Ошондой эле Президент Садыр Жапаров, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, депутат Талант Мамытов жана саясатчы Ахматбек Келдибеков июнь окуясы боюнча соттук отурумга күбө катары чакырылган. Бул айыпталып жаткан УКМКнын мурунку жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин арызы боюнча жасалган.

1-декабрда Алмазбек Атамбаев отурум башталганда сотту «цирк» деп атап, ишти өзүнүн катышуусуз кароону өтүнгөн. Ал темир торду тепкилегенден кийин залдан алып кетишкен.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын жарыялаган. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Кылмыш ишине байланыштуу быйыл 20дай саясатчы сурак берген.

Мындан 12 жыл мурун жайында, апрель окуясынан көп өтпөй Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык жаңжал чыгып, анын кесепетинен 400дөн ашуун адам каза болгон.

Количество просмотров: 347