• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Изделип жаткан 27 жаштагы жарандын сөөгү табылды

1 Теке 202213:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-июлда Кара-Сууда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп, изделип жаткан 27 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 7, Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жалпы 17 куткаруучу тартылып, саат 09:58де маркумдун сөөгүн Ак-Буура – Араван каналынын жээгинен табышып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Төлөйкөн айылынын тургуну 1995-жылы туулган А.уулу Б. үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп, изделип жаткан. Кийин анын унаасы жана кийимдери аталган каналдын жээгинен табылган.

Количество просмотров: 130