• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Изделип жаткан Алмаматовдун ишиндеги прокурор кызматтан алынды

27 Үчтүн айы 202017:56 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун ишиндеги прокурор Белек Рыскулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Насирбек Алмаматовду УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2018-жылы 2-ноябрында кармаган. Чиновникке автотранспортторду каттоодо, автомектептердин окуучулары сынак тапшырганда акча алуу үчүн коррупциялык схема түзүп алган деген айып коюлган.

Бишкектеги Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айыппул салуу менен эркиндикке чыгарганы белгилүү болгон.

Коррупция беренеси менен кесилген экс-чиновник айып пул төлөп эркиндикке чыгып кеткени коомдо талкуу жараткандан кийин гана Жогорку сот бул ишти кайра караган.

Белгилей кетсек, 24-январда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Мамкаттоонун мурдагы кызматкери кылмыш жоопкерчилигинен качып кеткендиги үчүн Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны сынга алган.

Количество просмотров: 318