• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Изделип жаткан Октябрь РИИБдин кызматкери кармалды

13 Бештин айы 2021 12:32 Бишкек Govori.TV

Издөөгө алынган Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, О.А. аттуу жаран Октябрь райондук милициясынын кызматкери С.Р. 135 миң долларын алдап алып, ар кандай шылтоолор менен бербей жатканын айтып арыз жазган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жасоо) менен иш козголгон.

Биринчи Май райондук соту С.Р.ны камакка алуу боюнча сыртынан чечим чыгарып, шектүү издөөгө алынган.

Иликтөө операцияларынын натыйжасында шектүү Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында жашынып жаткан жеринен колго түшкөн.

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 385