• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Израиль БУУ Баш катчысы Антониу Гутерришти персона нон грата катары жарыялады

2 Тогуздун айы 202418:30 Бишкек Govori.TV

Израиль БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррешти персона нон грата катары тааныды, — деп жазат The Jerusalem Post еврей мамлекетинин тышкы иштер министри Израил Кацтын билдирүүсүнө таянуу менен. Эл аралык уюмдун жетекчисине өлкөгө да кирүүгө тыюу салынган.

Гезит белгилегендей, Израиль бийлиги мындай чечимди Гутерриштин Ирандын ракеталык чабуулун «ачык айыптай албаганын» эске алуу менен кабыл алган.

1-октябрдын кечинде Иран Израилге ракеталык чабуул жасагандан кийин Гутерриш твиттер баракчасына Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын күчөшүн айыптап, ок атышууну токтотууга чакырган. Ал Иранды да, Израилди да айткан эмес.

Иран 1-октоябрда Израилге ракеталык чабуул жасаган. Ислам революциясын коргоочулар корпусу бул согуштук операция Израилдин акыркы кездеги лидерлерди өлтүрүүсүнө болгон жооп экенин билдирген.

Израиль басма сөзүнүн маалыматына караганда, Иран Израилге 181 баллистикалык ракета менен аткан. Израиль өкмөт башчысы Нетаньяху Иран «чоң ката кетиргенин, бул үчүн жооп бере тургандыгын» айтты. Ал эми Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи иврит тилинде Израилге чабуул коюу дагы масштабдуу боло тургандыгын эскертти.

Количество просмотров: 131