• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Израиль Иранга сокку жасады

13 Кулжа 202510:20 Бишкек Govori.TV

Жума күнү, 13-июнга караган түнү Израил Ирандагы бутага сокку ура баштады. «Би-би-Синин орус кызматы»кабарлагандай, өлкө бийлиги Ирандын өзөктүк программасына кол салганын билдирип, Тегерандан өч алуу соккуларын күтүү менен өзгөчө кырдаал жарыялады.

Операция башталганын жарыялаган Израилдин коргоо министри Израил Катц өлкөдө «өзгөчө кырдаал» киргизилгенин жана Ирандын жооп кайтаруучу чабуулу жакын арада күтүлүп жатканын билдирди.

«Израил мамлекетинин Иранга алдын ала чабуулунан кийин, жакынкы келечекте Израилге жана анын жарандарына ракеталык жана учкучсуз сокку күтүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Израилдин коргоо армиясынын өкүлү Израилдин аскерлери Ирандын өзөктүк программасына сокку уруу боюнча «алдын алуучу, так жана айкалышкан операцияны» баштаганын билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Ирандын ар кайсы аймактарында сокку уруу операциясынын биринчи этабына ондогон израилдик аскерлер катышкан.

Операция «Арстан эли» деп аталып калганы белгилүү. Малымат боюнча, Израил Тегерандын айланасындагы кеминде алты аскер базасына, ошондой эле Тегерандагы бир нече турак жайга кол салган.

Ирандын мамлекеттик медиасы Израил Тегерандын турак жайларына жана Натанз, Хорремабад жана Хамадан шаарларына сокку урганын кабарлады. Ирандын борборундагы Ислам революциясынын сакчылар корпусунун штаб-квартирасы соккуга кабылды.

Количество просмотров: 150