Бишкектеги «Азия Молл» соода борборунда жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган кабар берген делип 17 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 25-январь күнү саат 17:34 чамасында, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын 102 кызматына «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн.
«Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек ШИИББнын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга карыш аракеттенүу кызматынын жана Кыргыз Республикасынын УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2007-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалып, ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүп берүү баш коргоо чарасы колдонулган», — деп жазылат билдирүүдө.
Укук коргоо органдары билдиргендей, ал көчөдөгү бейтааныш адамдан телефон сурап, «102» кызматына чалып, бомба тууралуу жалган кабар берген.
Кошумчалангандай, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, аймакта жардыргыч заттар аныкталган эмес.
Тергөө иштери улантылууда.