Израилде соттук реформага каршы өтүп жаткан митингдерге катышкандар 500 миңге жетти. Бул сегиз миллионго жакын калкы бар өлкөнүн тарыхындагы эң ири нааразылык акциясы болуп калды.
Беньямин Нетаньяхунун өкмөтү сунуштап жаткан соттук реформага каршы жапырт каршылык акциялары башталганына дээрлик 10 апта болду. Сунушталган реформага ылайык, Жогорку соттун судьяларын иш жүзүндө парламенттик көпчүлүк тандап калат. Өз кезегинде сот өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу укугунан ажырайт. Митингге чыккан жарандар бул соттордун көз карандысыздыгын толук жоготууга алып келерин билдирүүдө.
Өткөн жылы декабрда Израилдин премьер-министри болуп тандалган Биньямин Нетаньяху акция катышуучуларынын максаты – аны кызматтан кетирүү деп эсептейт. Өзүнүн саясий карьерасында алтынчы жолу премьер-министр болуп шайланып келген Нетаньяхуга каршы коррупция боюнча үч кылмыш иши козголгон. Ал өзү айыптоолорду четке кагып келет.
Нетаньяху соттук реформа бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт деп эсептөөдө. Израил оппозициясы, анын ичинде мурдагы премьер-министр Яир Лапид бул боюнча мыйзам долбоорун толук артка кайтарууну же аны иштеп чыгууга каршы тараптын өкүлдөрүн да катыштырууну талап кылууда.