• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТИМ кыргызстандыктарды Иран менен Израилден чыгып кетүүгө чакырды

18 Кулжа 202518:34 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарды Иран менен Израилге барбай турууга, ал жакта жашаган жарандарды бул өлкөлөрдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Мекеменин басма сөз кызматы билдирүүнү 18-июнда таратты.

Анда жарандарды аба каттамдарына кирген чектөөлөрдү эске алуу жана чет өлкөдөгү мекемелердин, авиакомпаниялардын билдирүүлөрүнөн кабардар болуп туруу сунушталган.

Зарыл учурда Кыргызстандын ошол аймактагы дипломатиялык мекемелерине кайрылуу керектиги жазылган.

  • Катардагы элчилик: +974 5066 7001;
  • Кувейттеги элчилик: +965 5170 2180;
  • Ирандагы элчилик: +98 935 250 5226;
  • Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчилик: +971 2558 4955;
  • Дубай шаарындагы Башкы консулдук: +971 58 881 3567;
  • Сауд Арабиясындагы элчилик: +966 58 376 99454;
  • Түркиядагы элчилик: +90 545 689 6800.

Количество просмотров: 170