Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Путинге көңүл айтты
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Путинге көңүл айтты
19 Аяк оона 2018 9:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.09.2018. Govori.TV
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Ил-20 учагынын Сирияда жоголушу боюнча көңүл айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал Израиль бардык жардамды берүүгө даяр экендигин билдирди.
Эске салсак, 17-сентябрь күнү кечинде Жер ортолук деңизинин Сирия жээгине 35 чакырымга жакын аралыкта Орусиянын ИЛ-20 учак жоголгон. Бул тууралуу Russia Today сайты жазып чыккан.
Учакта Сириядагы орус армиясынын 14 аскери болуп, алар Хмеймимдеги аскердик базага кайтып баратышкан. Коргоо министрлигинин билдиришинче, учак израилдик F-16 ракетасынын Сириянын Латакия аймагына жасаган соккусу учурунда радардан билинбей калган.
Ошол эле учурда, аталган аймакка француз фрегаты Овернден дагы ракеталардын учурулганы катталган.
Израиль Куралдуу күчтөрү орус тараптын бул билдирүүсүнө жооп айтуудан баш тартууда.
Хмеймимдеги орус авиабазасынын чалгындоо кызматы учакты издөөдө. Жоголгон 14 аскердин тагдыры али белгисиз бойдон калууда.
Назирбек Борубаев Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды
Борубаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек …