• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Орхан Инанды 35 күн кыйноого кабылганын айтып чыкты

15 Тогуздун айы 2021 15:13 Бишкек Govori.TV

Түркиянын атайын чалгындоо кызматы тарабынан Кыргызстандан уурдалып чыгарылып кеткен «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды сотто көрсөтмө берип жатып, 35 күн кыйноого алынганын айтты. Бул тууралуу Govori.TVга жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-октябрда Түркиянын Стамбул шаарында күбө катары көрсөтмө берген Инанды көрсөтмөлөрүн полиция бөлүмүндө кыйноо астында бергенин билдирген. Инанды жогорку жазык сотунда Шүкрү Йылдырыр аттуу адамдын ишинде күбө катары Zoom аркылуу катышкан.

«Орхан Инанды соттук процесс учурунда айыпталуучу Шүкрү Йылдырырдын ким экенин тааныбай турганын билдирген. Буга чейин кыйноонун астында көрсөтмө бергенин кошумчалаган. Сот айыпталуучу Йылдырырды бошотуу чечимин кабыл алды. Ал эми Инандынын иши боюнча соттук отурум 26-октябрга белгиленди. Отурумдун улам жылышы анын ден соолугуна байланыштуу. Ал толук өз калыбына келе элек»,-деп билдирди жактоочу.

Эске салсак, Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында Бишкектеги өзүнүн жашаган үйүнүн жанынан уурдалган. Ал дээрлик бир ай бою дайынсыз болуп, андан кийин 6-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алынып келингенин билдирген.

Количество просмотров: 6914