• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Үй камагында жаткан депутат Рысалиев бүгүн Жогорку Кеңешке келди (Видео)

28 Жетинин айы 201910:24 Бишкек Govori.TV

Парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиевдин бүгүнкү күндө абалы канаттандыраарлык. Бул тууралуу Рысалиев өзү билдирди. Анын айтымында, ал 6 ай ооруканада даарыланып чыккан.

Мындан сырткары, эл өкүлү Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу суракка чакырла электигин кошумчалады.

Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган Рысалиев быйыл 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезгени айтылып, ооруканага жеткирилген. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылангандан кийин Таш-Дөбөгө которулган.

Количество просмотров: 2330