• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Үйдө жалгыз калышкан… 5-кабаттын терезесине чыгып алган кичинекей кыздар куткарылды (видео)

7 Кулжа 202215:27 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин маалымат кызматы тараткан маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек шаарынын Ленин районунун Т.Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатында, терезеде 3 жана 5 жаштагы 2 кичинекей куткарылды.

ӨКМнин 112 кызматына 2 кичинекей кыз көзөмөлсүз жана кооптуу абалда тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу ыкчам түрдө жерине жетип, наристелерди алып түшүү аракетин көрүшкөн.

Тартылган куткаруучулар 9-кабаттан 5-кабатка атайын альпинисттик шаймандын жардамы менен 2 кызды куткарып калышты.

Алар ИИМ кызматына өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, кичинекей кыздар ата-эненин көзөмөлүсүз калган.

Количество просмотров: 2780