• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Эки унаа сүзүшүп, анын кесепетинен жол четинде квас сатып отурган аял жабыркады

10 Аяк оона 201818:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.09.2018.Govori.TV.
Бишкек шаарында 2 унаа сүзүшүп, анын кесепетинен жол четинде квас сатып отурган аял жабыркады. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынан билдиришкен.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 16:00дөр чамасында Түштүк магистраль жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде болгон. Кагылышуудан соң, эки унаанын бири жол четинде квас сатып олтурган аялды сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 43