• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мадумаров: Парламент, буйрук келсе «кызматтан ала салуу, коё салуу» менен алек болуп калды…

25 Чын куран 2023 9:28 Бишкек Govori.TV

Депутат Адахан Мадумаров Конституциялык соттун Башмыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук мазмуну, пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана башка социалдык жардамдын өлчөмүн аныктоо тууралуу чечимин сынга алды.

Мындан сырткары учурдагы Парламент буйрук аткаруу менен алек болуп, мындай маселелер көңүл чордонунун сыртында калып кетип жаткандыгына кейиди.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Министрлер кабинетинен Баш мыйзамдын беренесин аткарып, эң аз пенсиянын көөлөмүн жашоо минимумунан жогорулатууну талап кылышкан. Учурдагы жашоо минимуму 7501 сомду түзгөнүн статистикалык комитети билдирген.

Ал эми эң аз пенсия — 1800 сом.

Буга чейин, Министрлер кабинети Баш мыйзамдын аталган беренесин- «Пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат» дегенди чечмелеп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Конституциялык сот 2023-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелеп берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин кайрылуусун карады.

«Кароонун жыйынтыгы боюнча Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук мазмуну, пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана башка социалдык жардамдын өлчөмүн аныктоо өлкөнүн экономикасынын абалына жана мүмкүнчүлүктөрүнө тике көз каранды болбой коюушу мүмкүн эмес, демек, “мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деген сөздөр менен берилген ченемдик жобо мамлекет тарабынан пенсия, социалдык жөлөкпулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмүн белгилөө мамлекеттин түздөн-түз милдеттенмеси катары түшүнүүгө болбойт, ал мамлекеттин конституциялык-маанилүү милдетти жеткире аткаруу аракетин көздөгөн максаттуу багыты катары каралыш керек деп чечти»,-деп айтылат маалыматта.

Муну менен бирге Жогорку Кеңеши жана Министрлер Кабинети социалдык камсыздоо чөйрөсүнүн укуктук жөнгө салынуусун ишке ашырууда Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук маанисин кармануусу зарыл. Конституциясынын 97-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпай турганы кошумчаланган.

Количество просмотров: 988