«Союз мезгилинде топтолгон байлык ошол маалда туулгандарга берилет» деп элди дүрбөткөндөр аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Маалыматка караганда мындай имиш тараткандар эч кандай каттоосу жок фонд түзүп алышкан. Мурдараак Ош технологиялык университетинде жайгашса, учурда «Рамазан» базарында орун алган.
Эске салсак, буга чейин ЖМКларда Ош шаарында «Союз мезгилинде топтолгон байлык ошол учурда туулгандарга берилет» деген маалыматтарды таратып, шаардыктардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен сүрөттөрүн чогултуп жаткан адамдардын тобу пайда болгондугу тууралуу маалыматтар чыккан.