• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Элдин көзүнчө жекиргенди жакшы көргөн президенттер

18 Бештин айы 2018 18:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.12.2018. Govori.TV

Өткөн аптанын аягы менен коомчулукта катуу талкууга түшкөн окуя өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун министрлердин ишин сынга алганы болду.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев да эл алдында чиновниктерин сынга алып, берилген тапшырмасын аткарууга мөөнөт коюп, талаптар аткарылбаса жаңыларды алып келээрин билдиргенин көз жаздымда калтырууга болбойт.

Тартип маселесине катуу көңүл бурулган Туркменистандын ажосу Гурбангулы Бердымухаммедов да ишин аткара албаган министрлерине нааразычылыгын билдирип, а түгүл окуучулардай тургузуп алып өзүнүн өкүмүн айткан.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин ката кетирген атка минээрлерин сындоодо көп сөз коротпойт.

Эл алдында сөгүш айтканды жакшы көргөн президенттердин катарында Беларусиянын өлкө башчысы Александр Лукашенко дагы бар.

Өлкө башчылардын мындай таризде министрлерди тарбияга келтирүүсү коомчулукта ар түрдүу пикирлерди жаратпай койбойт. Бирөөлөр туура буларга көзгө сайып көргөзүп, артынан түртүп эле туруу керек десе, ал эми экинчилер бул коомчулук алдында жөн эле көргөзмө деген пикирлерин да айтып келишет.

Количество просмотров: 19