• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигининин жетекчилеринин мыйзамсыз иш-сапарлары аныкталды

8 Тогуздун айы 2018 11:53 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 08.10.2018. Govori.TV

Башкы прокуратура аталган министрликтин кызматкерлери тарабынан бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктап, тиешелүү документтерди өкмөткө өткөрүп берди. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эмгек жана өнүгүү министрлигинин башкармалары мыйзамсыз дипломаттык паспортту колдонуу менен, чет өлкөлөргө иш сапарга чыгып келгени аныкталды.
Тактап айтканда, Таалайгүл Исакунова 2017-жылы премьер-министрдин уруксаты жок, АКШда үчүнчү глобалдуу симпозиумуна катышууга, андан ары 2017-жылдын 15-ноябрында, балдар эмгегин колдонууга каршы күрөш боюнча IV Эл аралык жыйынга катышуу үчүн, Аргентина Республикасына сапар алган.
Мындан сырткары Исакунова премьер-министрдин каршылыгына карабай, Санкт-Петербургда өтүүчү, КМШга мүчө мамлекеттер аралык, калктын миграция жана коомдук коргоо боюнча чаралар жөнүндө XXX юбилейлик жыйынына катышууга барган.
Ал эми ушул министрдин орун басары Зууракан Каденова болсо 2017-жылдын 24-27-апрелге чейин, дипломаттык паспортту өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп, Тегеранга барганы, эмгек өргүүсүндө ушул жылдын 2- 22-сентябрына чейин , Корея өлкөсүнүн, Сеул шаарында өткөрүлгөн окутуу программасына катышканы белгилүү болду.
Дагы бир өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, 2017-жылдан баштап 2018-жылдын сентябрь айына чейин Эмгек жана өнүгүү министрлигинин жетекчилиги тарабынан 26 чет элдик иш-сапарга чыгуу катталып, алардын ичинен министр Тааалайгүл Исакунованын 9 өлкөгө барганы белгилүү болду.
Анда министр айым, Улуу Британия, Кытай, Орусияга 2 жолу, Аргентина, АКШ, Швейцария, Сауд Арабия өлкөлөрүнө барган.
Министрдин орун басары Лунара Мамытованын үч өлкөгө АКШ, Германия, Италияга чыкканы белгилүү болду.
Министрдин мурдагы орун басары, Зууракан Каденованын 10 жолу Түштүк Корея, Орусия, Казахстан, Польша, Бельгия, Германия, Италияга барганы аныкталса, Жылдыз Полотованын болсо 4 жолу чет өлкөгө чыкканы билинди. Ал Литвага, Венгрияга, жана Таиландка барган.
Бирок, бул мекеменин аталган жетекчилери чет өлкөгө иш сапарга чыгып кетип жатканда, белгиленген тартипти бузуп, атайын иш-сапарга чыгуу тууралуу, ошондой эле иш сапарларынын жыйынтыгы боюнча отчетторду Тышкы иштер министрлигине билдирилген эмес.
Кошумчалай кетсек, Исакунова менен Мамытова кызматтык иш-сапары аяктаган соң, дипломаттык паспортту өз убагында кайтарып беришкен эмес.
Количество просмотров: 27