Бишкек. 15.10.2018. Govori.TV
16-17-октябрь күндөрү өлкөнүн аймагында кар жайт. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Буга ылайык, тоолуу райондордун жолдоруна муз тоңуп, тайгак болот. Ошондой эле, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн —1…-3 градус суук, күндүз 0…5 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-2 градус суук, күндүз 4…9 градус жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 0…5 градус жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн —2…-7 градус, күндүз 0…-5 градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн —7…-12, күндүз —2…-7 градус суук болушу күтүлүүдө.
Бугай байланыштуу ӨКМ жарандарды өздөрүн жана жакындарынын коопсуздугун сактоого чакырат. Ошондой эле автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоодо мал кармоону кыйындайт.