• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Эсенбүбү Нурманбетованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

3 Үчтүн айы 201920:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.01.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын профессору Эсенбүбү Нурманбетова кечээ 2-январда 62 жашында дүйнөдөн кайтты.

Эсенбүбү Нурманбетова 1957-жылдын 13-июнунда Талас районунун Чоң-Алыш айылында туулган.


Эсенбүбү  Нуманбетованын сөөгү 4-январь күнү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюла турганын маркумдун кесиптештери кабарлады.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү эмгектенген Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, саат 10.00дө башталат. 

Эсенбүбү Нурманбетова 1987-1988-жылдары Москвада Чоң театрда билимин өркүндөтүп, СССРдин эл артисти, профессор Лисициандын классында сабак алган. Вокалдык искусствонун устаттык жолун улап, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда жеке ырдоо бөлүмүндө жаштарды тарбиялап, иштеп келген.

Количество просмотров: 16