• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Эскилерге жаңылар жакпай… Жаңылар эскилерди жектеди

28 Жетинин айы 2018 15:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV
Мурун депутат, чиновник болуп иштеген бир катар саясатчылар башында турган элдик курултайдын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин ишин канааттандырарлык эмес деп баалаган.
Курултайдын мындай жыйынтыгы парламенттеги депутуттарга жаккан жок. Эл өкүлү Иса Өмүркуловдун пикиринде курултайдын максаты жеке кызыкчылык эмес, өлкөнүн кызыкчылыгын көздөш керек болчу.
Азырынча парламентке баа берүүгө убакыт келе элек деп эсептээрин жана курултайда баа берген кишилер көтөрүп жаткан маселенин аткарылышын дагы мыкты билгендер, ошондуктан мындай бааны алар жөн эле койсо болмок деген пикирин  депутат Зарылбек Рысалиев дагы айтты.
Курултай негизи элдин үнүн жеткизип, эл тараптан баа берилген жыйын болушу керек эле. А бирок бул курултай бийликке таарынган адамдардын жыйыны болуп калды, а түгүл президиумда отурган адамдар адегенде өздөрүнө баа берип алышса болмок деген эл өкүлдөрү болду.
Болуп өткөн курултайга саясат талдоочулар да өз ойлорун билдирип, учурдагы бийликтен кызмат сураган жыйын болуп калды деген бааларын беришкен эле.
Учурдагы эл окулдорунун дагы бир учурда кызмат куткон мезгили келе турганын эске алсак, эки тараптын тен пикирлери жөндүү. Анткени, орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт эмеспи.

Количество просмотров: 42