• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Үйлөнүү үлпөт тоюнда 40тай адам ууланды

16 Теке 2019 15:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.07.2019.Govori.TV.

Украинанын Ровненск облусундагы үйлөнүү үлпөт тоюнда 40ка жакын адам ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматына таянып жазып чыкты.

«Райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланды деп 39 адам (анын ичинен 8 бала) жеткирилген. Алар Мизоч шаарынын «Гурман» кафесинде үйлөнүү үлпөт тоюнда болушкан», — деп айтылат маалыматта.

Аталган кафеге 100 жакын адам келген. Учурда эпидемияга каршы иш-чаралар жүрүүдө.

Количество просмотров: 17