• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Үйлөнүү тойдо тапанча булгалаган жигит кармалды

14 Аяк оона 202010:36 Бишкек Govori.TV

Үйлөнүү тойдогу кортежде унаадан белине чейин чыгып алып тапанча булгалаган жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 12-сентябрда болгон. Жигиттердин видеосу Ноокат районуна бара жатканда Ош шаарына караштуу Жапалак айылынан чыга бериште видеотасмага түшүп калган.

«2000- жылы туулган М. М. аттуу жигит Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалды. Тапанча пневматикалык болуп чыкты, тергөө тарабынан алынды. Учурда бул жарандын иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн Ош ШИИБнын тергөө кызматы тарабынан каралып жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ош шаарында үлпөт тойдо сейилдөөгө чыккан автоунаалардын биринен белине чейин чыгып алып тапанча булгалап бара жаткан жигиттин видеосу тарап, талкуу жараткан эле.

Количество просмотров: 965