• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Үйлөрү түрттүрүлгөн эки жаран өмүрүнө кол салууга аракет жасашты

16 Баш оона 2019 14:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.08.2019.Govori.TV.

Түркстан шаарында мамлекеттин муктаждыгына үйлөрү түрттүрүлгөн эки тургун өзүнө кол салууга аракет жасады.

15-августта “Фейсбук” социалдык түйүнүндө Түркстан шаарынын эки туруну өз өмүрүнө кол салууга аракет жасаган видеосу тарады. Видеодо үйдүн чатырына чыгып алган киши газ баллонун жардырмак болгон. Ал үйүнүн түрттүрүлүшүнө каршы чыккан. Экинчи видеодо улгайып калган аял үйүнүн ичинде бычак менен тамырын кесүүгө аракет кылган. Видеодо полиция кызматкерлери аялды сабырдуулукка чакырып жатканын байкоого болот.

Түркстан шаарынын акимчилиги маалымдагандай, видеодогу окуя 14-августта болгон. Тургундардын үйүн мамлекетке кайтаруу боюнча сот чечими чккан. Алардын үйү 25 миллион теңгеге (болжол менен 65 миң доллар) бааланган. Тургундар бул сумманы аз деп, үйлөрүнүн түрттүрүлүшүнө каршы чыгышкан.

“Тургундар аман. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эки үй-бүлө башка үйгө көчүштү. 15-августта эки үй тең түрттүрүлдү” деди акимчиликтин баса сөз кызматы.

Маалыматтарга караганда, бул үйлөрдүн ордуна “Руханий-маданий борбор” салынат. Анын жалпы көлөмү 98 гектар.

Количество просмотров: 21