• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Түркстан: Базарда чыккан өрттөн кийин соодагерлер жол торошту

26 Баш оона 2022 15:45 Бишкек Govori.TV

26-августка караган түнү Түркстан облусунун Жетисай шаарындагы «Күлпаршын ана» базары өрттөнгөндөн кийин бүгүн ондогон соодагер базардын жолун бөгөп нааразылыкка чыкты. Алар өрттөнгөн товарлар үчүн кун талап кылышты.

Соодагерлердин нааразылыгы тартылган видео соцтармактарга жарыяланды. Анда нааразылыкка чыккан соодагерлерге полиция кызматкерлери көз салып турганын көрүүгө болот.

Соодагерлер алгач базардын администрация башчысынын келишин талап кылышты. Чогулгандарды маслихаттын депутаты Кайрат Балабиев тынчтандырууга аракет кылды.

Соодагерлердин бири: «Биздин чыгымыбызды төлөп берсин. Соода орундарын калыбына келтирсин. Кайра сатылбасын», — деди. Дагы бири алган насыяларын төлөө кыйын болоруна тынчсызданды.

Бир нече убакыттан кийин соодагерлер торолгон жолду бошотуп, райондук маданият үйүнө барууга макул болушту. Ишкерлер жергиликтүү бийликтен кайрылууну расмий түрдө каттоого алып, өрттүн чыгымдарын кайтарып берүүнү талап кылышты.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, базардын аймагында жайгашкан жаңы курулуп жаткан бир кабаттуу имарат өрттөнгөн. Жалын 500 чарчы метрге жайылган. Курмандык жок. Өрттүн себеби аныкталууда.

Түркстан облусунун акимчилиги окуяны иликтөө жана жабырлануучуларга жардам берүү боюнча комиссия түзүлгөнүн кабарлады. Комиссия жабырлануучулардын санын жана келтирилген материалдык чыгымдын көлөмүн эсептеп чыгат.

Теги:
Количество просмотров: 101