• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түркстан мектебинде белгисиз заттан ууланган сегиз окуучу ооруканада

13 Аяк оона 2019 15:15 Бишкек Govori.TV

Түркстан облусунун Леңгир шаарындагы №7 мектеп-лицейинде белгисиз заттан ууланып, ооруканага жеткирилген 8 окуучунун экөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу 13-сентябрда облустук билим берүү башкармалыгы билдирди.

Маалыматтарга караганда, 12-сентябрда 10-класстын окуучусу танапис маалында мектептин фойесине кичине баллон менен белгисиз зат чачып жиберген. Натыйжада 23 окуучу, 2 мугалим жана мектептин дагы бир кызматкери уулануу белгиси менен райондук ооруканага жеткирилген.

«Уулангандардын көбү алгачкы медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кайткан. 8 окуучу ооруканада, алардын экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат», — деп айтылат башкармалыктын билдирүүсүндө.

Сегиз окуучунун ооруканада дарыланып жатканы тууралуу маалыматты шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы тастыктады. Бул окуяга байланыштуу мектепте текшерүү жүрүүдө.

Количество просмотров: 32