• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Үйлөрү талкаланган баткендиктерге кенемте төлөнөт

17 Тогуздун айы 2022 14:02 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам үйлөрү урагандар баткендиктерге бир жолку кенемте төлөнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-октябрга карата Баткенге жардам берүү үчүн ачылган бирдиктүү эсепке 327 млн 432 миң 141 сом түштү. Анын ичинен 62 млн 650 миң сом сарпталды, учурда эсепте 269 млн 680 миң 334 сом калды.

«Баткенде 246 жаран компенсация алды»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, тажик тараптын кол салуусунан, жалпы 661 турак үй жараксыз деп табылган. Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, 238 турак үй ондоп түзөөгө муктаж. 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай жабыркаган. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

Количество просмотров: 74