• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Йогуртту арам деп атаган блогер 15 суткага камалды

10 Чын куран 2023 8:58 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда блогер Хожиакбар Носиров 15 суткага камалды. Ташкент шаарынын ички иштер башкармалыгы билдиргендей, ал “кармин” заты бар йогуртту “арам” деп атаган.

Блогер Телеграмдагы каналына йогурттун курамы жөнүндө видео жайгаштырган. Ал интернеттеги маалыматтарга таянуу менен анда E120 кошулмасы – кармин бар экенин билдирген.

Блогер көрүүчүлөрдү бул азыкты колдонбоого үндөгөн.

Ички иштер башкы башкармалыгы автор роликти тиешелүү тармактардын эксперттеринин бүтүмүн албастан, жеке диний көз карашына таянуу менен жарыялаганын билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Хожиакбар Носировго “Улуттук, расалык, этникалык же диний кастыкты козуткан материалдарды даярдоо, сактоо же таратуу” беренеси боюнча протокол толтурулду. Сот аны 15 суткага камоо жөнүндө чечим чыгарды.

Кармин — кошениль курт-кумурскаларынан өндүрүлгөн кызыл боёк. Кармин E120 тамак-аш кошулмасы катары катталган. Ал йогурттарга, балмуздактарга, кондитердик азыктарга, алкоголсуз суусундуктарга кошулат.

Количество просмотров: 545